1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

91

ЖАМУда антибиотиктерди туура пайдаланууга арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

18-24-ноябрь күндөрүнүн   аралыгында дүйнө жүзү боюнча антибиотиктерди колдонууга жооптуу мамилени калыптандырууга жана микробго каршы туруктуулуктун өнүгүшүн алдын алууга багытталган бүткүл дүйнөлүк маалымдуулук жумалыгы өткөрүлөт.

Бул эл аралык демилгенин алкагында ЖАМУнун медициналык институтунун Фармация кафедрасында "Антибиотиктерди рационалдуу колдонуу-ар бир адамдын жоопкерчилиги: маалымдуулуктан аракетке"деген темада илимий — практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин антибиотикке туруктуулук проблемасы, анын калктын саламаттыгы үчүн кесепеттери, ошондой эле антибактериалдык препараттарды рационалдуу колдонууну камсыз кылууда медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин орду  жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болду.

Конференциянын жүрүшүндө актуалдуу маселелер каралып, төмөнкү окутуучулар жана студенттер өз докладдарын сунушташты:

1.         "Антибиотиктерге туруктуулук-калктын ден соолугуна глобалдык коркунуч", Фармация кафедрасынын окутуучусу Айтмырзаева Б. Б.

2.         "Антибиотиктерге туруктуулуктун алдын алууда фармацевттин ролу" Фарм-1-24 тайпасынын студентти Мамиева М. Э. илимий жетекчиси Айтмырзаева Б. Б.

3.         "Микроорганизмдердин антибиотиктерге туруктуулугун түзүүнүн себептери жана механизмдери" ЛДб- 2-25 тайпасынын студентти  Назаркулова А. Ш. илимий жетекчиси Акимов М. А.

4.         "Антибиотиктерди коопсуз кабыл алуу эрежелери" Фарм-1-25 тайпасынын студентти  Базарбаева Л. К. илимий жетекчиси Сайдазимова Б. А.

5.         "Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайындагы антибиотиктер, биздин дасторкондо жашырылган коркунуч" Фарм-1-25 тайпасынын студентти  Байзакова А.Ы. илимий жетекчиси Сайдазимова Б. А.

6.         "Антибиотиктер айланабызда: тиш пастасынан бактерияга каршы самынга чейин" Фарм-1-26 тайпасынын студентти Таштанова Ч. Ш. илимий жетекчиси Көчкөнбаева А. М. 

7.         Abu Bakar Siddique takes the stage with the presentation: "Antibiotic Resistance: Why Our Lifesaving Drugs Are Losing Their Power — Understanding the Mechanisms, Clinical Consequences, and Pharmacological Strategies to Fight Antimicrobial Resistance."

8.         Israt Jahan (Group LDi-3-24) presents on the topic: "The Antibiotic Dilemma: Are We Killing Bacteria or Creating Superbugs? The Dangers of Antibiotic Misuse, Common Misconceptions, and How Every Doctor and Patient Can Prevent Resistance." Scientific supervisor: Abu Bakar Siddique.

9.         “Антибиотикке туруктуулук заманбап саламаттыкты сактоонун глобалдык көйгөйү катары". Фарм-1-24 тайпасы Ашыралиева М. М. илимий жетекчиси Асилбек к З.

Конференцияны өткөрүү студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, илимий-изилдөөгө кызыгуусун өнүктүрүүгө жана антибиотик терапиясынын натыйжалуулугун сактоо маселелерине болочок адистердин жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга өбөлгө түздү.

Конференциянын негизги тыянагы: антибиотиктерди рационалдуу, жоопкерчиликтүү жана медициналык жактан гана колдонуу керек. Алардын натыйжалуулугун сактоо бул баарынын жалпы жоопкерчилиги!

Конференциянын уюштуруучулары бардык катышуучуларга активдүүлүгү, мазмундуу баяндамалары жана заманбап саламаттыкты сактоонун эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.