1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

13

5-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИН САПАТЫН КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАДА

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык институтунун Фармация кафедрасында фармацевтикалык багыттагы Фарм(в)-1-2-3-24 тайпаларынын 5-курс студенттери үчүн «Дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо» дисциплинасы боюнча өндүрүштүк практика өтүүдө. Практика 2026-жылдын 16-ноябрынан 28-ноябрына чейин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Түштүк филиалынын контролдук-аналитикалык лабораториясында өткөрүлүүдө.0778068182

Практиканын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө жана келечектеги фармацевттердин реалдуу иш шарттарында практикалык компетенцияларын калыптандыруу.

Практиканын жүрүшүндө студенттер:

·         дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо боюнча нормативдик документтерди жана стандарттарды үйрөнүшөт;

·         практика базаларында дары-дармек препараттарын анализдөө жана сапатын баалоо ыкмаларын өздөштүрүшөт;

·         контролдук-аналитикалык жана өндүрүштүк бөлүмдөрдүн ишин уюштуруу менен таанышышат.

Өндүрүштүк практиканын өтүлүшү 5-курс студенттерине өз алдынча кесиптик ишмердүүлүккө жана жыйынтыктоочу аттестацияга даярданууга көмөктөшөт, ошондой эле алардын теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.