1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ - СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК  ӨНҮКТҮРҮҮ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина институтунун фармация кафедрасында студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү максатында окутуу жумуш ордунда уюштурулууда.

Бул багытта фармация кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Бечелова Айгүл Тыныбековнанын жетекчилиги алдында 5-курстун Фарм-1-22 тайпасынын студенттери Токсикологиялык химия дисциплинасы боюнча лабораториялык сабактарды Жалал-Абад облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун соттук-химиялык экспертиза бөлүмүндө өткөрүштү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер соттук-химиялык экспертиза бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттарды аныктоонун заманбап лабораториялык ыкмалары менен таанышышты. Өзгөчө көңүл хроматографиялык методдордун жардамы менен жүргүзүлүүчү химиялык экспертизага, хроматографиялык жабдуулардын иштөө принциптерине жана алардын токсикологиялык анализдеги маанисине бурулду.

Мындай сабактар студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүүгө, заманбап аналитикалык изилдөө ыкмалары жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүүгө жана лабораториялык практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт.

Фармация кафедрасы келечектеги адистерди даярдоодо теориялык билим менен практикалык тажрыйбанын айкалышына жана профильдик мекемелер менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.