1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Гуманитардык дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

12

ГУМАНИТАРДЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР КАФЕДРАСЫНДА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ МАМЛЕКЕТТЕР ШЕРИКТЕШТИГИНИН (КМШ) 35 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КУРАТОРДУК СААТ ӨТТҮЛДҮ.

Гуманитардык дисциплиналар кафедрасында ЛДи-12-25 тайпасынын куратору Д. Мундузбаева тарабынан көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) 35 жылдыгына арналган таанып-билүүчүлүк куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттер КМШнын түзүлүү тарыхы, анын курамына кирген мамлекеттер тууралуу маалымат алышып, Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн маданий жана тарыхый өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Студенттердин өзгөчө кызыгуусун иш-чаранын темасы жаратты. Алар талкууга активдүү катышып, көптөгөн суроолорду беришип, КМШ өлкөлөрү жөнүндө жаңы маалыматтарды кызыгуу менен кабыл алышты.

Өткөрүлгөн куратордук саат студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга жана маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түздү.