- Факультеттер
- Медицина факультети
- Гуманитардык дисциплиналар кафедрасы
Гуманитардык дисциплиналар кафедрасы

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 28-январындагы №6 протоколунун негизинде (буйрук №17, 31.01.2022) медицина факультетинде гуманитардык дисциплиналар кафедрасы ачылып, ЖАМУнун ректорунун №177/1 (23.03.2022) буйругу менен кафедра башчылыгына филология илимдеринин доктору, профессор Эшиев Асылбек Мирзатиллаевич дайындалган.

КАФЕДРАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Гуманитардык дисциплиналар кафедрасына медицина факультетиндеги кыргыз тили, орус тили, манастаануу дисциплиналары бекитилген.
КАФЕДРАНЫН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫ
№ | Профессордук-окутуучулар курамынын аты-жөнү | Ээлеген кызматы | Илимий даражасы, наамы | Диссертациялык ишинин темасы, адистиги | Илимий ишин коргогон жыл | |
1 | Эшиев Асылбек Мирзатиллаевич | Кафедра башчысы, профессор | Филология илимдеринин доктору, профессор | Акындар поэзиясы: эволюциясы, интегративдик тенденциясы; типологиялык процесстер (XI-XV к.к.) 10.01.01 – кыргызадабияты | 2011 | |
2 | Ашимбаева Гүлбайра Сапаровна | ага окутуучу | ||||
3 | Жалилова Нуржана Кадыровна | окутуучу | ||||
4 | Балтабаева Элгиза Муратовна | окутуучу | ||||
5 | Мундузбаева Дамира Алимбековна | окутуучу | ||||
6 | Гадаева Бурул | окутуучу |
Кафедранын жетишкендиктери
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан 20дан ашуун окуу-усулдук иштер, 150дөй илимий макалалар, 15тен ашуун окуу китептери жарык көргөн.
Кафедранын окутуучуларына билим берүү тармагында кызматы жана жетишкендиктери үчүн төмөнкүдөй сыйлыктар ыйгарылган:
КР дин “Даңк” медалы – 1 окутуучу

КРдин ББИМнин Ардак грамотасы - 3 окутуучу,
КРдин Билим берүү мыктысы - 3 окутуучу,
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамотасы - 5 окутуучу,
КРдин Президентинин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы - 4-окутуучу,
КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” медалы - 2окутуучу,
КРдин Президентине караштууМамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы – 2окутуучу.
Кафедранын илимий багыты
Медицина багытындагы улуттук жана чет ѳлкѳлүк студенттерге тилдерди үйрѳтүүнүн ыкмаларын изилдѳѳ.
Кафедранын профессордук –окутуучудук курамы респубилкалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып, баяндама жасап турушат.

Профессор А. Эшиевдин чет өлкөдөн жарык көргөн электрондук эмгектери:
1. Древний sacri мир. Германия, г. Саарбрюккен, LAP LAMBERT Academic Publishing, 2018. – 238 с.
2. Ancient sacred world. Deutschland, Saarbrücken, LAP LAMBERT Academic Publishing, 2019. – 172 р.
3. Эпос «Манас» и исторические источники. Германия, г. Саарбрюккен, LAPLAMBERTAcademicPublishing, 2020. – 200 с.
«Манас» эпосу жана анын тарыхый булактар менен жакындыктары, окшоштуктары маселелери 2021-жылдан баштап Европадагы белгилүү басма үйлөрдө англис, немис, француз, италян, испан, португал, дания, поляк тилдеринде жарнамага алынып, жарык көрүүдө:
1.The Manas epic and historical sources (language: Englisch).Verlag/HerstellerOur Knowledge Publishing, 09-12-2021. – 192 р.
2. Das Manas-Epos und historischeQuellen (Sprache: Deutsch).Verlag Unser Wissen, 09-12-2021. – 208 в.
3. L'épopée de Manas et les sources historiques (Langue: Français).Editions Notre Savoir, 09-12-2021. – 200 р.
4. L'epicaManas e le fontistoriche (Dil: İtalyanca).Yayıncı: EdizioniSapienza, 9 Aralık 2021. – 200 s.
5. La epopeya de Manas y lasfuenteshistóricas (Sprache: Spanisch).EdicionesNuestroConocimientoErscheinungsdatum, 09.12.2021. – 196 р.
6. As fontesépicas e históricas de Manas (Sprog: Portugisisk).Format:Bog, paperbackUdgivelsesdato,09-12-2021. – 196 р.
«Манас» эпосун Европа, КМШ өлкөлөрүнө жайылтуу максатында 2018-2023-жж. ичи россиялык ИФ нөлдөн кем эмес илимий журналдарда 45 илимий макала орус жана англис (10) тилдеринде жарык көрдү. «Манас» эпосунун тарыхый, саясий-идеологиялык, коомдук-социалдык маани-маңызын кыргыз окурмандарына түздөн-түз жеткирүү максатында 2021-жыл ичи Кыргызстан АКИpress маалыматтык агенттигинде («Код кыргызов», «Мурас» рубрикаларында) 41 илимий-популярдуу макала жарыяланды.
Ага окутуучу Г.Ашимбаеванын чет өлкөдөн жарык көргөн илимий макалалары:
2021-жылдын 15-16-апрель күндөрү Өзбек Республикасынын Кокон педагогикалык университети тарабынан Кокон хандыгынын 100 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык илимий –практикалык конференцияга катышып, илимий баяндамасы Кокон университетинин Жарчысына жарык көргөн.
2021-жылы ф.и.д., профессор М. Мирзахидова менен авторлош бир макаласы Польша Республикасынын илимий журналына жарык көрдү.
2023-жылы Өзбек Республикасынын Андижан университетинде өткөрүлгөн “Actual problems of general anthropocentric digital linguistics,literary studies and metods of teaching” атылышындагы эл аралык илимий –практикалык конференциясынын материалдарына арналган атайын санына жарыяланган.
2024-жылы ЖАМУнун Жарчысына “Мамлекеттик тилди чет өлкөлүк студенттерге окутууда элдик ооз эки чыгармалардын үлгүлөрүн пайдалуу ыкмалары ” жарык көрдү.
окутуучу Э. Балтабаеванын жарык көргөн илимий макалалары:
2024- год. Андижан обл.. Концепт “БОГ” в русской провербиальной картине мира. Концепт “ЧЕРТ” в русско-кыргызской провербиальной картине мира.
Кафедранын окуу-усулдук иштери
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан кыргыз тили, орус тили, манастаануу предметтери боюнча студенттер үчүн силлабустар, лекциялардын курсу, окуу-усулдук комплекстер даярдалган. Ай сайын усулдук семинарлар, ачык сабактар ж.б. өтүлөт. 2023-жылдын 8-февралында “ Мамлекеттик тилди чет өлкөлүк студенттерге окутуу: тажрыйбалар, сунуштар...” аталышындагы усулдук семинар өткөрүлүп,кафедранын окутуучулук -профессордук курамынын тил үйрөтүү багытындагы тажрыйбалары,ачык сабактардан фрагменттер көрсөтүлдү.
Кафедранын базасында чет ѳлкѳлүк студенттерге мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрѳтүүчү ийримдер иштейт.
Кафедранын тышкы байланыштары
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети
Ош мамлекеттик университети
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университети
С. Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
Талас мамлекетик университети
Баткен мамлекетик университети
Синьцзян университети (Үрүмчү, КЭР)