1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Анатомия жана физиология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

92

 "Өлкөнүн көз карандысыздыгы чек арадан башталат"

2025-жылдын 23-октябрында "Дарылоо иши" адистигинин 1-курсунун студенттери арасында Баткен окуясынын 25 жылдыгына карата "Өлкөнүн көз карандысыздыгы чек арадан башталат " деген аталышта талкуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын улуу окутуучусу Г.Ашимбаева 1999-2000-жылдарда Баткен районунда болуп өткөн окуялар, ага түрткү берген жагдайлар, окуянын натыйжалары тууралуу маалымат берди. Бул окуяга арналган документалдуу тасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Студенттер да Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн алгачкы жылдарындагы социалдык, саясий абал, дүйнөлүк коомчулук жана кошуна мамлекеттердин бул окуяга көз карашы тууралуу кызыктырган суроолорду беришти.

Иш-чаранын аягында өлкөнун көз карандысыздыгы, элдин эркиндиги, келечеги үчүн Кыргызстандын ар бир жараны кам көрүүсү, кайдыгер болбоосу, эл үчүн кызмат өтөгөн инсандар унутулбастыгы белгиленди.

Студенттер үчүн таасирдүү иш-чараны уюштурууну демилгелеп колдоо көрсөткөн медицина институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары М.Акимовго ыраазычылык билдирилди.