1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Медицина факультети
  4. Анатомия жана физиология кафедрасы

Анатомия жана физиология кафедрасы

Телефон:

Туулган күн:

May 07, 1970

Каттоо:

27.11.2024

Акыркы сапар:

5 месяцев назад

Анатомия жана физиология кафедрасы жөнүндө маалымат.

Кафедра Окумуштуулар Кеңешинин чечими жана ЖАГУнун ректорунун 2016-жылдын 19-январындагы №1/15 буйругу менен түзүлүп, буга чейин морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын курамында болгон. Анын биринчи жетекчиси медицина илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Матсаков Каныбек Сулайманкулович (2016-2017 жана 2018-2019) болгон. Кийинки жылдарда кафедраны: медицина илимдеринин кандидаты, доцент Беркмаматов Шамырбек Токтосунович (2017-2018) жетектеген,  жана 2019-2020-жылдары биология илимдеринин кандидаты, доцент Нурдинов Шамшидин Шабидинович. 2020-2022-жылдын 1-декабрынан баштап кафедраны биология илиминин доценти Нурманбаев Мухтар Жакыпович,  2022-2023-жылдары кафедраны м.и.д., профессордун м.а. Туратова Тынара Дуйшенбаевна жетектеген. 2024-жылдын сентябрь айынан бери кафедра башчысы болуп биология илимдеринин кандидаты, доцент Нурдинов Шамшидин Шабидинович жетектеп келүүдө.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу, усулдук жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн структуралык кафедра болуп саналат. Кафедра медициналык факультеттин биринчи жана экинчи курсунун студенттерин даярдайт.

Кафедрага бекитилген дисциплиналар:

Анатомия жана физиология кафедрасына окуу планы боюнча төмөнкү предметтер бекитилген:

 Дарылоо иши 560001 (6 жылдык программа) адистиги үчүн 5 предмет:

·         медициналык биология, генетика жана паразитология (7 кредит);

·         нормалдуу клиникалык анатомия (10 кредит);

·         нормалдуу физиология (10 кредит);

·         патологиялык анатомия, клиникалык патологиялык анатомия (9 кредит);

·         патологиялык физиология, клиникалык патологиялык физиология (8 кред.);

Дарылооиши 560001 (5 жылдық программа) адистиги үчүн 6 предмет:

·         медициналык биология, генетика жана паразитология (4 кредит саат);

·         нормалдуу анатомия (8 кредит саат);

·         нормалдуу физиология (9 кредит саат);

·         патологиялык анатомия (6 кредит саат);

·         патологиялык физиология (6 кредит саат);

·         топографиялык анатомия (3 кредит);

Фармация 560005 адистиги үчүн 1 предмет:

·         Патология (6 кредит)

Кафедранын курамы:

Кафедрада бүгүнкү күндө окуу-тарбия иштерин 17 профессордук-окутуучулар курамы жана көмөкчү кызматкерлер алып барууда, анын ичинен  штаттык-13, айкалыштыруучу-2, көмөкчү кызматкер-2. Илимдин доктору – 1, илимдин кандидаттары – 4, улук окутуучу – 1, окутуучулар – 5, үйрөнчүк окутуучулар – 4.  Илимий даражасы бар окутуучулардын үлүшү 33,3% түзөт.

1. Нурдинов Шамшидин Шабидинович – б.и.к., доцент, кафедра башчысы

2. Матсаков Каныбек Сулайманкулович - м.и.к., профессорлордун милдетин аткаруучу

3. Нурманбаев Мухтар Жакыпович - биология илимдеринин кандидаты, доцент

4. Туратова Тынара Дуйшенбаевна – м.и.к., профессорлордун милдетин аткаруучу

5. Сакбаева Зульфия Исраиловна — биология илимдеринин доктору, профессор

6. Кудайбердиева Гулзада Алманбетовна – улук окутуучу

7. Акимов Манас Алмазбекович – окутуучу

8. Ахмад Кавсар - окутуучу

9. Гурала Харша Чандра – үйрөнчүк окутуучу

10. Фаржана Африн - окутуучу

11. Кадырова Шайыргул Абибиллаевна - окутуучу

12. Тазабекова Бурулай Тазабековна- үйрөнчүк окутуучу

13. Мурзабаева Мохирахон Юлдашбаевна - үйрөнчүк окутуучу

14. Патил Джагурити Ашок – окутуучу

15. Ачаря Шила - үйрөнчүк окутуучу

Кафедранын тарбиялык иштери:

Кафедрада окутуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын (ГОСТ ВПО) негизинде, предметтердин спецификалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бирдиктүү усулдук система боюнча жүргүзүлөт. ТСО аркылуу лекциялар окулат.

Кафедрада компетенттүүлүк карталары, лекциялардын жана практикалык сабактардын тематикалык пландары менен усулдук иштеп чыгуулар, тесттик варианттар, модулдардын суроолору, тесттер, экзамен билеттери камтылган жумушчу программалары иштелип чыккан, керектүү адабияттар көрсөтүлгөн, өз алдынча иштөө үчүн программа түзүлгөн.

Чет элдик тайпалардын болушуна байланыштуу мугалимдердин англис тилин окутуу чеберчилигин жогорулатууга тийиштүү көңүл бурулууда. Жыл сайын лекция окуу үчүн чет өлкөлөрдөн (Индия, Пакистан, Өзбекстан) тажрыйбалуу мугалимдер чакырылат. Кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты окуу куралдарын жана көрсөтмө куралдарды иштеп чыгышат жана чыгарууга даярдашат.

Кафедранын илимий иштери:

Кафедрада үч темада илимий иштер жүргүзүлөт «Адам организминин иммуногендик реактивдүүлүгүнүн патофизиологиясы» деген илимий темага медицина илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу К.С. Матсаков . « Операциядан кийинки жана киндик грыжа менен ооруган бейтаптарда герниопластиканын эффективдүүлүгү», деген илимий темага окутуучу Акимов М.А.

Анатомия жана физиология кафедрасында эки студенттик илимий ийрими уюштурулуп , ага кафедранын окутуучулары Ш.Ш.Нурдинов, М.А.Акимов, Фаржана Африн  жана Ш.А.Кадырова  келечектеги дарыгерлердин, илимий кызматкердин калыптанышында ийримдин орду абдан чоң. Дисциплиналарды окуп, алгачкы илимий иштерин бүтүрүү менен студенттер ар кандай адистиктин докторуна да, илимий кызматкерге да пайдалуу боло турган көндүмдөрдү алышат.

Конференцияларды уюштуруу жана катышуу:

Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата «Кургак учуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү маселелери» деген темада аймактык конференция уюштурулду.

“ВИЧ/СПИДдин актуалдуу маселелери”

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жарыяланган «Илим айына» жана «1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата 28-ноябрь 2024-жылы “ВИЧ/СПИДдин актуалдуу маселелери” деген темада Медицина факультетинин Анатомия жана физиология кафедрасы жана Жалал-Абад областык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди (ГВГ) жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) көзөмөлдөө борбору менен биргеликте уюштурулган Илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун илим бөлүмүнүн, Жалал-Абад областык СПИД борборунун, Кызыл ай коомунун Жалал-Абаддагы филиалынын өкүлдөрү жана факультеттин професордук-окутуучулары, аспиранттар, жергиликтүү жана чет элдик студенттер катышышты.

 Конференциянын максаты: угуучулардын жана студенттердин ВИЧ-инфекциясы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, саламаттыкты сактоо тармагында СПИДди жоюу боюнча максаттарга жетүү үчүн стратегиялык максаттуу чараларды ишке ашырууга жардам берүү болуп саналат.

Конференция башталаар алдында “Биз СПИДке каршыбыз” деген ураан менен 350 дөн ашуун студенттер, аспиранттар жана профессордук-окутуучулардын катышуусунда  окуу корпусунун аянтында жөө жүрүшкө чыгышты.

Конференциянын жүрүшүндө чакырылган коноктор тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, конференциянын ийгиликтүү өтүшүнө калоо тилектерин билдиришти.

            Конференцияда Областык СПИД борборунун Диспансердик көзөмөл жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Мамашов “Кыргыз республикасындагы жана Жалал-Абад областындагы эпидемологиялык абал” деген темада кызыктуу баяндама жасап, Кыргызстанда СПИД оорусуна чалдыккан адамдардын статистикалык маалыматтарын келтирди. Андан сырткары факультетте эмгектенген профессор К.С. Матсаков, ага окутуучу Наср Якуб, студенттер – Хаммад Жамшид, Амина Сирадж, З.Б. Тиллебаева, Массави Хуссейн СПИД оорусун дарылоо жана алдын алуу боюнча эң маанилүү баяндамаларды жасашты. Конференциянын жыйынтыгы боюнча РЕЗОЛЮЦИЯ кабыл аланып, эң мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.