- Институттар
- Филология институту
- Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
- Студенттердин жетишкендиктери
Студенттердин жетишкендиктери
Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын студенттери
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын студенттери - бул аудиториянын чегинен алда канча кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон жаш изилдөөчүлөрдүн жана келечектеги кесипкөй адистердин жамааты. Кош дипломдуулук программасы сапаттуу билим, эл аралык тажрыйба жана кызыктуу студенттик жашоону бириктирет. Биз академиялык мобилдүүлүккө жана эл аралык таанылууга өзгөчө маани беребиз. Студенттерге аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайларда билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кош дипломдуулук программалары активдүү өнүктүрүлүп келет. Биз студенттерге эл аралык алдыңкы жогорку окуу жайларда билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында кош диплом программаларын активдүү өнүктүрүп келебиз. Азыркы мезгилде Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде НТ-1-24 тайпасынын студенттери Асанбаев А., Мутавалиева С., Шакирова А. ийгиликтүү билим алышууда.
Ички жана тышкы мобилдүүлүк
Биздин студенттер ошондой эле өз билимдерин тереңдетип, тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларында - БГУ жана ОшМУда билим алып келишет.
НТ-1-23 тайпасынын студенти Досалиева Алина Астана шаарында билим алып жатып, «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыкты студенти» аттуу эл аралык сынакка катышып, I даражадагы дипломго жана ардак төш белгиге татыктуу болгон.
Олимпиадагы жеңиштер
Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы - 2024
2024-жылдын 1-7-мартка чейин Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-23 тайпасынын студенти Досалиева Алина "Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы-2024 " аталышындагы иш- чарага катышып келди.
FERIENJOB программасы. Биздин профилдин негизги өзгөчөлүгү — тил чөйрөсүнө аралашуу жана чет жака чыгуу , маданиятын , таарыхын, үйрөнүгө жол ачуу.