1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Студенттердин жетишкендиктери

Студенттердин жетишкендиктери

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын мыкты студенттери

Карыпбаева Таңсулуу Мелисбековна - КТ-1-21 тайпасынын студенти
Карыпбаева Таңсулуу Мелисбековна - КТ-1-21 тайпасынын студенти

2022-жылы окуу жайыбызда ѳткѳрүлгѳн IX олимпиадада манас таануу предметинен адистик боюнча 2-орунду (жетекчиси - ф.и.к., доцент Кадырова Анара) ээлеген.

2022-2023-окуу жылында ОшМУда өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IX аймактык илимий конференцияда “Тилдин теориясы” аттуу секцияда баяндама жасап 1-даражадагы диплом менен сыйланган.

2024-2025-окуу жылында республикалык "Билги" интеллектуалдык таймашына катышып, 2-орунуду ээлешкен, "Кут билим" тобунун мүчөсү. Азыркы учурда магистрада билимин улантып жатат.

Сапарбаева Үпөл Нурланбековна - КТ-1-21 тайпасынын студенти
Сапарбаева Үпөл Нурланбековна - КТ-1-21 тайпасынын студенти

2023-2024-окуу жылында Ош технологиялык университетинде өткөрүлгөн ЖОЖдор арасында XI аймактык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты адистик тайпадан 3-орун ээлеген (жетекчиси – ф. и. к. Бакирова Г., улуу окутуучу Шерипбаев А.).

2024-2025-окуу жылында республикалык "Билги" интеллектуалдык таймашына катышып, 2-орунудун жеңүүчүсү, "Кут билим" тобунун топ башчысы. Азыркы учурда магистрада билимин улантып жатат.

Сапарова Эркинай Абдимиталиповна - КТ-1-22 тайпасынын студенти
Сапарова Эркинай Абдимиталиповна - КТ-1-22 тайпасынын студенти

"Кут билим" тобунун мүчөсү, республикалык "Билги" интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүсү.

2023-2024-окуу жылы XI аймактык олимпиада Ош технологиялык университетинде аймактык ЖОЖдор арасында студенттик олимпиада Ата Мекендин тарыхы предметинен 1-орундун ээлеген.

Махаммадкосим кызы Асия - КТ-1-22 тайпасынын  студенти
Махаммадкосим кызы Асия - КТ-1-22 тайпасынын  студенти

 2024-2025-окуу жылында Б. Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинде ХII аймактык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты предметинен I орунду ээлеген (жетекчиси – ф. и. к. Бакирова Г., улуу окутуучу Шерипбаев А.). Республикалык "Билги" интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүсү, "Кут билим" тобунун мүчөсү.

Жалалова Чынаргүл Эльбековна КТ-1-21 тайпасынын студенти
Жалалова Чынаргүл Эльбековна КТ-1-21 тайпасынын студенти

 Республикалык "Билги" интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүсү, "Кут билим" тобунун мүчөсү. Азыркы учурда магистрада билимин улантып жатат.

Орунбаева Бегимай - КТ-1-22 тайпасынын студенти
Орунбаева Бегимай - КТ-1-22 тайпасынын студенти

“Түрк элдеринин мыкты студенти” кароо-сынагынын жеңүүүсү

2025-2026-окуу жылында Казакстандын “Bilim-orkenieti” улуттук инновациялык илим изилдөө борбору жана “Жаңа Казакстан” Республикалык инновациялык борбору тарабынан уюштурулган “Түрк элдеринин мыкты студенти” аттуу эл аралык кароо-сынакка катышып 1-даражадагы диплом, төш белги, күбөлүк жана статуетка менен сыйланды.

2025-2026-окуу жылында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин 4-курсунун студенти Орунбаева Бегимай Казакстандын “Bilim-orkenieti” улуттук инновациялык илим изилдөө борбору жана “Жаңа Казакстан” Республикалык инновациялык борбору тарабынан уюштурулган “Көз карандысыз өлкөлөрдүн мыкты студенти” аттуу эл аралык кароо сынакка катышып 1-даражадагы диплом, төш белги, күбөлүк жана статуетка менен сыйланды.

Парпибаева Сайкал Кубатбековна - КТ-1-23 тайпасынын студенти
Парпибаева Сайкал Кубатбековна - КТ-1-23 тайпасынын студенти

2024-2025-окуу жылында Б.Сыдыков атындагы Ош кыргыз-өзбек эл аралык университетинде аймактык ЖОЖдор арасында студенттик олимпиада XII олимпиадада манас таануу предметинен 1-орун (даярдаган ф.и.к. доцент Анара Кадырова) ээлеген.

Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата Жунай Мавляновдун 100 жылдык юбилейине карата "Жунай Мавлянов – кыргыз көркөм адабиятынын жана публицистикасынын чебери" аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференцияда мыкты баяндама жасаган.

Кубанычбекова Бактынур Кутманбековна-  КТ-1-23 тайпасынын студенти
Кубанычбекова Бактынур Кутманбековна-  КТ-1-23 тайпасынын студенти

2023-жылы К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде "Вселенная Чингиза Айтматова глазами современнности" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда "Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындыгы инверсияланган сүйлөмдөр" деген темада баяндама жасаган.

2024-жылы Түрксой Эл аралык уюму тарабынан уюштурулган “Барпы Алыкуловдун чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жана төкмөлүк өнөрдүн маселелери” аттуу эл аралык илимий конференцияда “Барпы Алыкуловдун акындык кредосу” деген темада баяндама жасап, сертификатка ээ болгон.

Ушул эле жылы БАЭМУда өткөрүлгөн "БАЭМУ – илимдин ачкычы" "Азыркы илимдеги Билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары жана келечеги" аталышындагы VI эл аралык конференцияда "Б.Алыкуловдун акындык кредосу жана ырларындагы көркөм каражаттар" деген темада баяндама жасаган. Коомдук иштердин активдүү катышуучусу.

Ачылбек уулу Нурзаман – КТ-1-23 тайпасынын студенти
Ачылбек уулу Нурзаман – КТ-1-23 тайпасынын студенти

Жаш талант, акын, бир катар ыр, сатиралардын автору. Бишкек шаарындагы "Заман" адабий бирикмесинин мүчөсү. Узакбай Абдукаимов атындагы "Майдан" ийриминин мүчөсү. Анын "Автобуста", "Айылымдын кызы" аттуу ырлары "Кут билим " гезитине басылып чыккан.

Жаныбек кызы Үрбү - КТ-1-22 тайпасынын студенти
Жаныбек кызы Үрбү - КТ-1-22 тайпасынын студенти

2022-2023-окуу жылында X аймактык олимпиада Ош мамлекеттик университетинде манас таануу (адистик) – 1-курс, 1-орунду ээлеген. Азыркы учурда сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатат.