1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Студенттердин жетишкендиктери

Студенттердин жетишкендиктери

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АР ТАРАПТУУ ӨНҮГҮҮГӨ УМТУЛГАН  ЗАМАНБАП СТУДЕНТТЕР ОКУП КЕЛИШЕТ

        ЧТ-1-21 тайпасынын студенти Маматкулова Марина Максатбековна Конфуций институтунда кытай тили курсунда окуп, HSK4 экзменин ийгиликтүү тапшыргандыгына  байланыштуу КЭРдин Сиянь шаарындагы Шэньси провинциясынын North West университетинде 2024-25-окуу жылынын күзгү семестринде билим алды. Марина өз билимин өркүндөтүп, тажрыйба алмашты жана өз мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана алды.

Маматкулова Марина Максатбековна ЧТ-1-21 
Маматкулова Марина Максатбековна ЧТ-1-21 

         ЧТ-1-23 тайпасынын студенттери Турдалиева В., Алтыбаева А., Апсаламова М.  Ош мамлекеттик университетинин филология институту, маданияттар аралык байланыш факультетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуп келишти. Студенттер мобилдүүлүк учурунда  сабактарга  кызыгуу менен катышышып,  тажрыйбалуу окутуучулардан билим алышты жана  сертифкатка ээ болушту.

 Турдалиева В., Алтыбаева А., Апсаламова М. ЧТ-1-23
 Турдалиева В., Алтыбаева А., Апсаламова М. ЧТ-1-23

        ЧТк-3-24 тайсынын студенти Байгазиева Гүлсана Ысык-Көлдө өткөн Евразия лидерлери ассоциациясы тарабынан уюшулган “Время действовать” аттуу студенттик форумга активдүү катышып, сертификатка ээ болду.

   Байгазиева Гүлсана ЧТк-3-24
   Байгазиева Гүлсана ЧТк-3-24

        ЧТ-1-23 тайпасынын студенти  Муминова Аиша Баходыр кызы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөн XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадада англис тили (проф) предмети боюнча I орунду ээлеген.Жетекчиси - Арсланбекова Н.Э.

  Муминова Аиша Баходыр кызы ЧТ-1-23
  Муминова Аиша Баходыр кызы ЧТ-1-23

        ЧТК-3-23 тайпасынын студенти  Икрамова Муштари  университетибиздин институттар жана колледждер арасында өткөрүлгөн "Ден соолук -2025"спартакиадасында спорттун тогуз коргоол түрү боюнча 1-орунду ээлеген.

    Икрамова Муштари ЧТК-3-23
    Икрамова Муштари ЧТК-3-23

        Ушул эле студент тогуз коргоол боюнча Жалал-Абад облусунун биринчилигинде кыз-келиндер арасында 2-орунду ээлеген.

     ЧТк-2-24 тайпасынын студенттери университетибизде уюштурулган  “Стартап” долбооруна активдүү катышып, жыйынтыгында 3-орунду багындырышты. Тайпа жетекчи- Н.Ташиева.

ЧТк-2-24 
ЧТк-2-24