1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

 «Аскердик куралдык даярдоо» темасында ачык сабак өтүлдү 

Бүгүн, 17.04.2026-жылы, Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын АЧДк-1-24 тайпасынын студенттери Жалал-Абад колледжине барып, «Аскердик куралдык даярдоо» темасындагы ачык сабакка активдүү катышышты. Ачык сабактын жүрүшүндө тажрыйбалуу окутуучу Жусубалиев Медербек агай студенттерге аскердик куралдардын түрлөрү, алардын түзүлүшү жана коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири маалымат берип өттү. Ошондой эле куралды туура кармоо, колдонуу жана сактоо ыкмалары практикалык мисалдар менен түшүндүрүлдү. Сабак интерактивдүү форматта уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, талкууга активдүү катышышты. Практикалык бөлүгүндө студенттер курал менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүн өздөштүрүп, теориялык билимдерин бекемдешти. Мындай ачык сабактар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, алардын жоопкерчилигин жана тартиптүүлүгүн калыптандырууга чоң өбөлгө түзөт. Ошондой эле аскерге чейинки даярдык боюнча билим деңгээлин жогорулатып, патриоттук тарбия берүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.