1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 часа назад

10

«Интернеттеги коопсуздук жана анын актуалдуу маселелери»

Бүгүн, 07.04.2026-жылы Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын ДТ-1-24 тайпасы тарабынан «Интернеттеги коопсуздук жана анын актуалдуу маселелери» аттуу темада дебат өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин санариптик коопсуздук тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана коомдогу актуалдуу маселелерге болгон көз карашын кеңейтүү болду. Дебаттын жүрүшүндө катышуучулар интернеттеги коопсуздук, маалыматтарды коргоо, киберкоркунучтар жана алардын алдын алуу жолдору тууралуу ар тараптуу пикир алышып, өз ойлорун жүйөлүү аргументтер менен коргоп чыгышты. Студенттер активдүүлүк көрсөтүп, теманын маанилүүлүгүн терең түшүнгөндүгүн далилдей алышты. Аталган иш-чарага Педагогикалык институттун директору Калыбекова Зияда эжеке жана кафедранын окутуучулары калыс катары катышып, дебаттын жыйынтыгын адилеттүү баалашты. Калыстар тобу студенттердин даярдыгын, сүйлөө маданиятын жана аргументация деңгээлин жогору баалап, мындан ары дагы ушундай форматтагы иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Дебат жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн пайдалуу жана мазмундуу иш-чара болду.