1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

18

Таанышуу практикасынын башталышына арналган конференция болуп өттү

 Дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасында таанышуу практикасынын конференциясы болуп өттү. Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасынын 2-курс студенттери — ДТ-1-24 жана АЧД-1-24 тайпалары үчүн таанышуу практикасынын башталышына арналган конференция уюштурулду. Конференциянын жүрүшүндө кафедра башчысы Иляз Алиев студенттерге таанышуу практикасынын максаты, милдеттери, анын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле практиканы уюштурууда негизги багыт болуп эсептелген жол карта боюнча түшүндүрмө берип, студенттерге алдыдагы иштерде жоопкерчиликтүү болууну баса белгиледи.  Практика — келечектеги кесиптик ишмердүүлүктүн алгачкы баскычы экенин белгилеп, теориялык билимдерди практика менен айкалыштыруу маанилүү экенин белгилешти. Конференциянын соңунда практика башчысы Аззам уулу Гайназар  студенттерге таанышуу практикасынын жол карталарын жана керектелүүчү документтердин тизмесин тапшырды. Ошондой эле жолдомолор усулчуларга берилгенин маалымдап,  практика мезгилинде жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жаңы билим жана тажрыйба топтоого чакырды. Бул конференция студенттер үчүн маанилүү этап болуп, алардын кесиптик багыт алуусуна, практикага болгон даярдыгын жогорулатууга жана жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түздү.