1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Дене тарбия адистигинин 3-курс студенттеринин практиканы жыйынтыктоочу конференциясы

ДТ-1-23 тайпасы 2026-жылдын 2-февралынан 28-февралына чейин жалпы билим берүүчү мектептерде педагогикалык практиканы өтөштү. Практиканын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуу, мугалимдик кесиптин өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышуу жана окутуу-тарбиялоо ишинин негизги ыкмаларын өздөштүрүү болду. Практиканын жүрүшүндө студенттер сабактарга катышып, мугалимдердин иш тажрыйбаларын үйрөнүштү, сабак пландарын түзүп, өз алдынча сабак өтүп, окуучулар менен тарбиялык иштерди жүргүзүштү. Мындан тышкары, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга катышып, окуучулар менен иш алып баруунун ар кандай формалары менен таанышышты.Практиканын жүрүшүндө студенттер сабак өтүүнүн методикалык негиздерин, окуучулар менен иштешүүнүн педагогикалык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүштү. Ошондой эле ар бир студент практиканын жүрүшүндө күндөлүк жүргүзүп, аткарылган иштер боюнча отчетторун даярдашты. Бул практика студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө пайдалуу болду.2026-жылдын 5-март күнү практиканын жыйынтыгын чыгаруу максатында жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү. Конференцияга жетекчи окутуучулар жана практикант студенттер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштери тууралуу баяндама жасап, өздөрүнүн тажрыйбалары, жетишкендиктери жана кездешкен кыйынчылыктары жөнүндө ой бөлүшүштү. Ошондой эле практиканын жыйынтыктары талданып, студенттерге тиешелүү сунуштар жана кеңештер берилди.Жыйынтыктоочу конференция студенттер үчүн өз тажрыйбаларын талдап, педагогикалык практиканын маанисин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Практика студенттердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана болочок мугалим катары даярдыгын бекемдөөгө чоң салым кошту.