1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

4

ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ 

Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын окутуучусу Кубанычбек уулу Максатбек тарабынан ДТАД-1-25 ДТк-2-25 Дт-1-24 тайпасынын студенттерине "Тил кадыры-эл кадыры" темасында тегерек стол уюштурулду.Тегерек столго институттун директору, ф.и.к., доцент Калыбекова З.С., директордун орун басары, п.и.к., м.а. доцент Осмоналиева С.Ч., педагогика, кафедра башчысы, окутуучулар жана студенттер катышты.Тегерек столдун максаты — мамлекеттик тилдин баалуулугун даңазалоо, студенттердин тилге болгон сый-урматын арттыруу жана улуттук маданиятты сактоого үндөө болду. Программада студенттер тарабынан көркөм окуулар, ыр-бийлер, сахналаштырылган көрүнүштөр жана тил тууралуу баяндамалар сунушталды.Катышуучулар иш-чаранын мазмундуулугун жана уюштурулуш деңгээлин жогору баалап, жаштардын тилге болгон жоопкерчилигин күчөтүү багытындагы мындай иш-чаралар мындан ары да улантылышы керектигин белгилешти.