1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

141

Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасында практика боюнча бөлүштүрүү конференциясы өткөрүлдү

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Дене тарбия багытынын педагогикалык профили боюнча “бакалавр” адистигинде билим алып жаткан ДТ-1-22, ДТ-1-23, ДТмс-1-24 тайпаларынын студенттери үчүн 2025–2026-окуу жылына карата практикага бөлүштүрүү конференциясы өткөрүлдү. Аталган конференция 4-курстун студенттери үчүн профилдик иш практикасына, 3-курстун студенттери үчүн мектеп практикасына, ал эми магистрлер үчүн илимий-изилдөө практикасына арналды. Конференциянын жүрүшүндө студенттер 2026-жылдын 2-февралынан 7-мартына чейин практиканы өтөө үчүн тиешелүү мекемелерге бөлүштүрүлдү. Алар Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Сузак жана Базар-Коргон райондоруна жиберилди. Иш-чарага студенттер толук курамда катышты. Иш-чарага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Шамиев Жакып Бакирович, Дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Алиев Иляз, ошондой эле практика боюнча жооптуу окутуучулар катышты. Практикага жооптуу окутуучу Аззам уулу Гайназар сөз сүйлөп, практиканын максаты, милдеттери, өтүү тартиби жана талап кылынуучу документтер тууралуу кеңири маалымат берди. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге жол карталары таратылып, техникалык коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле практиканын маанилүүлүгү белгиленип, болочок адистерге жоопкерчилик менен мамиле кылуу сунушталып, практиканы ийгиликтүү өтөөлөрүнө тилектештик билдирилди. Бул конференция студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого жана теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.