1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА: Р. САНАТБАЕВ АТЫНДАГЫ СДЮШОР №3ТӨ ДТ-1-23 СТУДЕНТТЕРИНИН ИШ ОРДУНДА ОКУТУУСУ

 Манас шаарындагы №3 Р. Санатбаев атындагы Олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун «Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык» кафедрасынын уюштуруусу менен иш ордунда окутуу (өндүрүштүк-таанышуу мүнөзүндөгү окуу) иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин реалдуу спорттук машыгуу чөйрөсүндө тереңдетүү, машыктыруучулук ишмердүүлүктүн практикалык мазмунун көргөзүү жана келечектеги кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу болду. Иш-чарага ДТ-1-23 тайпасынын студенттери катышып, грек-рим күрөшү боюнча машыгуу процессинин уюштурулушу, спортчулардын даярдыгын башкаруу, машыгуунун мазмунун пландаштыруу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча түздөн-түз практикалык маалымат алышты. Окутуу ишинин жүрүшүндө спорт мектебинин шарттары, машыгуунун коопсуздугу, инвентарь жана залдын мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле жаш курак өзгөчөлүктөрүнө жараша жүктөмдү бөлүштүрүү принциптери кеңири түшүндүрүлдү. Иш-чаранын өзгөчө маанилүү бөлүгү катары грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Калы Сулаймановдун студенттер менен болгон жолугушуусу белгиленди. Ал — ЖАМУнун Б. Осмонов атындагы бүтүрүүчүсү жана азыркы учурда грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Калы Сулайманов студенттерге спортто ийгиликке жетүүнүн негизги шарттары тууралуу мазмундуу баяндама жасап, тартип, жоопкерчилик, туруктуу эмгек жана туура калыбына келүү режими спортчунун өсүшүндө чечүүчү роль ойной турганын белгиледи. Студенттер суроо берип, спорттук карьера, машыктыруучулук жол, жаш спортчуларды тарбиялоодогу ыкмалар тууралуу пайдалуу жоопторду алышты. Мындан тышкары иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Салаев Алтынбек да катышып, студенттерге машыгуу сабагын өткөрүүнүн түзүмүн (структурасын) жана методикасын түшүндүрүп берди. Иш-чарада кафедра башчысы жана анын кызматкерлери — Бакиров Асхат жана Ташмаматов Тынчтык да катышып, иш ордунда окутуунун уюштурулушун координациялап, студенттердин практикага байланышкан суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында, СДЮШОР №3 Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинде өткөрүлгөн иш ордунда окутуу иш-чарасы ДТ-1-23 тобунун студенттери үчүн өтө пайдалуу болду. Студенттер атагы чыккан спорт чеберлеринин жана тажрыйбалуу машыктыруучулардын практикалык кеңештерин угуп, машыгуу сабагынын түзүлүшү менен методикасын реалдуу шартта көрүп, кесиптик кызыгуусу жана мотивациясы жогорулады.