1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

22

Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы – улуттук руханий мурасы

2026-жылдын 18-ноябрында Дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасынын куратору А. Кушбаков ДТк-3-26 тайпасынын студенттери менен биргеликте улуу жазуучу, кыргыз элинин сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган куратордук саат өттү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана дүйнөлүк адабиятка кошкон зор салымы тууралуу маалыматтар берилди.Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Шекер айылында төрөлгөн. Ал кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер. Анын «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» сыяктуу чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, окурмандардын терең сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.Жазуучунун чыгармаларында адамгерчилик, мекенчилдик, сүйүү, боорукердик, табият менен адамдын байланышы жана улуттук баалуулуктар кеңири чагылдырылган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз элинин руханий байлыгын дүйнөгө таанытып, улуттук адабиятыбыздын эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө зор өбөлгө түзгөн.Куратордук сааттын негизги максаты – студенттерге улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири түшүнүк берүү, адабий мурасына болгон кызыгуусун арттыруу, мекенчилдикке жана улуттук руханий баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо болду.Иш-чара соңунда студенттер Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын тарбиялык мааниси жана бүгүнкү коомдогу актуалдуулугу тууралуу ой бөлүшүштү жана баяндамаларды жасашты.