АТА ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет- тили кафедрасында 2024- жылы 23-апрель күнү ата –энелер чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу кафедрадан билдиришти.
Ата- энелер чогулушуна кафедра башчы Н.К.Бекива, ФФнын деканы фил.и.к. Ч.А. Асылбекова, кафедранын тарбиялык иштери боюнча жооптуу окутуучусу Н. Тургунбаева жана кафедранын жалпы жамааты катышышты. Жыйындын ачылышында ФФнын деканы Ч.А. Асылбекова келген ата-энелерге кафедраны түптөгөн окутуучу катары адистик, кош дипломдуулук, жетишкендиктер, өзгөрүүлөр боюнча кеңири маалымат берип, окуу жайда окуу процессин уюштурууда жемкорчулук жок экендигине кепилдик берди. Кафедра башчы Н.К Бекиева студенттердин мыкты жетишкендиктери, Германия өлкөсү менен болгон тыгыз байланыштар, жакшы окуган студенттер жөнүндө да ата- энелерге билдирүү жасады. Кураторлор да өз ойлорун ортого салышты. Ата- энелер берилген суроолоруна жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Жыйынтыгында, үлгүлүү студенттердин ата-энелери Ыраазычылык кат менен сыйланышты. Чогулуш өз максатына жетти.