3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында 1- март күну Туу күнүнө карата тарбиялык ачык саат өтүлдү. Тарбиялык сааттын максаты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусундагы сүрөттөрдүн маанисин ажыратып билуү, Ата Мекендин Мамлекеттик Туусу менен сыймыктануу жана ага урмат менен мамиле кылуу.
НТ-1-23 тайпасынын студенти Жаркын кызы Айзирек “Желбиресин желегим” деген темада доклад жасады. Биздин ата- бабаларыбыздан бери келаткан ыйык туубуз 1992 –жылы 3- мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Туусун, Кыргызстандын тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу , париотизмге тарбиялоо, адеп ахлактык сапаттарды тарбиялоо ишке ашты. Сүйүктүү Ата Мекенибиздин Мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнүнө арналган бүгүнку ачык тарбиялык саат өз максатына жетти.