1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

29

                              Эне тилим – эне сүтүм

  2025-жылдын 23-сентябрь күнү  Филология институтунун  немец тили жана  факультеттер аралык чет тили кафедрасы мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Ага  НТ-1-25 тайпасынын студенттери «Эне тилим - эне сүтүм” аттуу ачык саатка активдүү катышып, эне тилдин коомдогу өзгөчө орду жана баалуулугу тууралуу чыгармаларды аткарышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ырлар, макалдар, жаңылмач, прозалык чыгармалар жана көркөм окуулар сунушталып, студенттер эне тилге болгон урмат-сыйын көрсөтүштү.

 Сабактын максаты

Студенттерге эне тили — улуттун өзөгү, руханий байлыгы жана улуттук аң-сезимдин негизи экенин терең түшүндүрүү; кыргыз тилин илимий, маданий жана мамлекеттик деңгээлде баалоого үйрөтүү

Эне тилдин тарыхый өнүгүшү, азыркы коомдогу орду жана мааниси тууралуу маалымат берүү;

Тил аркылуу улуттук идеологияны калыптандыруунун механизмдерин түшүндүрүү;

Эне тилди мамлекеттик, расмий жана күнүмдүк турмуштагы түрдүү функцияларын анализдөөгө үйрөтүү;

Тилге байланыштуу коомдук маселелерди (мисалы: тилдин булганышы, жарнамадагы каталар, тил саясаты ж.б.) сынчыл ой жүгүртүү менен талдоого үйрөтүү.