1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

34

Нт-1-22 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикага жөнөтүлдү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучулары тарабынан чет (немец) тили профилинин НТ-1-22 тайпасынын студенттерине арналган кесиптик-профилдик практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Филология институтунун директору ф.и.к.,доцент Ч.А.Асылбекова, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Эсенова А.Г. , кафедранын окутуучулары жана студенттер катышышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге алдыда өтө турган 9 жумалык практика тууралуу кеңири маалымат берилди. Практиканын максаттары жана милдеттери түшүндүрүлүп, аткарылуучу иштер боюнча жетекчилердин сунуштары айтылды. Практика жетекчилери болуп кафедранын окутуучулары Бекиева Н.К., Молдобаева Б.У., Мыктарова Г.А., Асылбекова Ч.А., Эсенова А.Г. бекитилди. Алар студенттерге практиканын жүрүшүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүп, отчеттук иштерди көзөмөлдөшмөкчү.

Мындан тышкары студенттерге техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, санитардык китепчелер толтурулду. Бул студенттердин практика учурундагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды.

Конференцияга институттун жана кафедранын жетекчилери, практика жетекчилери жана студенттер катышышып, кесиптик-профилдик практиканын мааниси, студенттердин билим менен практиканы айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү кеңири талкууланды. Иш-чаранын соңунда жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика каалап, аларды алган тажрыйбасын келечектеги кесиптик ишинде пайдалана билүүгө чакырышты.