ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «Мыкты студент» төш белгисинин ээси

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-23 тайпасынын студенти азыркы учурда кош дипломдуулук боюнча Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетте окуп жаткан Досалиева Алина ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Мыкты студенти" эл аралык сынагына катышты. Сынак Астана шаарындагы Казмедиа борборунда өткөрүлдү, Жыйынтыгында биринчи даражадагы сыйлык жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «Мыкты студент» төш белгиси ыйгарылды. 9-июнь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов Досалиева Алинаны административдик кеңеште куттуктады.