Кесиптик-базалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү

2025-жылдын 3-июнунда филология факультетинин немец тили жана факультет аралык чет тилдер кафедрасы тарабынан 3-курс студенттеринин кесиптик-базалык практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция уюштурулду.
Конференциянын максаты — студенттердин практика учурунда алган билимдерин жана тажрыйбасын талдап чыгуу, алардын жетишкендиктерин, чыгармачыл демилгелерин көрсөтүү жана мындан аркы кесиптик өсүүгө шыктандыруу болду.
Иш-чаранын ачылышында факультеттин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А. Асылбекова сөз сүйлөп, студенттердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган практиканын маанисин баса белгиледи.
Кафедра башчысы Бекиева Н.К жана практика жетекчилери кутуктоо менен студенттердин жоопкерчиликтүү мамилесин, чыгармачылык изденүүлөрүн жана тырышчаактыгын жогору баалашты.Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика боюнча отчётторун слайд-презентациялар аркылуу кеңири түшүндүрмө беришти. Алар окуткан сабактардын формаларын, колдонгон усулдарын, окуучулар менен жүргүзүлгөн иштерди жана алган жыйынтыктарын бөлүшүштү.Ошондой эле айрым студенттер өздөрүнүн илимий-изилдөө иштерин жактап, практиканын алкагында жүргүзүлгөн темалар боюнча отчет беришти . Практика жыйынтыгында суроо жооптор болуп, жетекчилер өз пикирлерин билдирип, студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусу, усулдук даярдыгы жана ишке болгон мамилеси тууралуу өз бааларын беришти.