НООРУЗ-ЖАҢЫНЫН БАШТАЛЫШЫ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-24 тайпасынын студенттери Нооруз майрамын белгилешти.
Бул майрамдын мааниси да жаңылануудан турат. Күндүн жогору көтөрүлүшү менен адамзат жаңы жашоого, жаңы аракеттерге шыктанып, түбөлүк турмушка умтулат. Ал жаздагы теңдешсиз жылдын башын, жаңы өмүрдүн башталышын жана табигаттын жаңыланышын билдирет. Нооруз 21-мартта белгиленет жана күн менен түн теңелген күнгө туура келет.
Майрамда сөзсүз түрдө сүмөлөк кайнатылаарын баары билишет.
Нооруз бул ыймандуулукка, адептүүлүккө, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин, ата-бабаларыбыздын каада-салттарын сезе билүүгө жана патриоттуулукка тарбиялайт.