1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

40

Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт

Филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында Кыргызстандагы 7-8-ноябрь күндөрү расмий түрдө белгиленип келген “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата “Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” деген темада тарбиялык саат өтүлдү. Бул иш-чараны НТ-1-23 тайпасынын студенттери  уюштурушту. Анда өткөн кылымда кыргыз эли башынан кечирген оор тарыхый окуялар, ал окуяларда эл-жер үчүн жанын курмандыкка чалган ата-бабалар эскерилип, бул тарыхый күндөрдүн маанисине баа берилди. Тарбиялык сааттын максаты: тарыхый инсандар жөнүндө толук жана кеңири маалыматтарды алуу жана ата-бабалардын бизге калтырган мурастарын, маанилүү эмгектерин кайталап эске салуу.