Жалпы риторика: вербалдык эмес каражаттар
2024-жылдын 25-апрель күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окуу-усулдук иштери боюнча пландаштырылган семинар болуп өттү. Семинарды Ала-Тоо Университетинин ф. и. д., профессор Кенжебаев Дайыр Орунбекович “Жалпы риторика: вербалдык эмес каражаттар" деген теманы өзүнүн презентациясында толук, так факультеттин жамаатына жеткиликтүү жана түшүнүктүү маалыматтарды берди. Семинарга филология факультетинин деканы, ф. и. к., Ч. А. Асылбекова жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Семинардын жүрүшүндө ф. и. д., профессор Д.Кенжебаевге окутуучулар тарабынан суроолор берилип, кеңири маалыматтарды алышты. Семинар жогорку деңгээлде өтүп, каалоо-тилектер менен коштолду.