Немец тилиндеги бөлүнүүчү бөлүкчөлөр
26-апрель-күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучусу Б.У.Молдобаева ЧТк-2-23 тайпасынын 1-кичи тайпасына экинчи чет тили сабагынан “Немец тилиндеги бөлүнүүчү бөлүкчөлөр (приставкалар) ” деген темада факультеттин деңгээлинде ачык сабак өттү. Факультеттин окуу-усулдук иштеринин жетекчиси Г.Жороева жана кафедранын окутуучулары катышышты.
Сабактын максаты студенттерге немец тилиндеги бөлүнүүчү бөлүкчөлөр (приставкаларды) кеңири жеткиликтүү кылып түшүндүрүү жана темага байланыштуу көнүгүүлөрдү жана тесттерди иштетип бышыктоо. Сабакта көргөзмө куралдар, карточкалар, ноутбук колдонулду. Бүгүнкү өтүлгөн ачык сабак өз максатына жетти.