Германияга сапарга даярданып жатабыз
26-апрелде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетиндеги немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улук окутуучусу Эсенова А. Г. НТ-1-22 тайпасына оозеки кептин практикуму сабагынан "Wir bereiten uns auf eine Deutschlandreise vor" деген темада ачык сабак өттү. Сабакта слайддар жана кызыктыруучу көргөзмө куралдар пайдаланылды.
Студенттер саякатка даярдануу боюнча кеңири маалымат алышты жана сабакка активдүү катышып, берилген тапшырмаларды так ,туура аткарышты. Текст боюнча талдоо жүргүзүп, сүрөт-табышмактарга кызыктуу жоопторду беришип, кроссворд менен иштешти.
Ачык саатка факультеттин окуу-усулдук иштери боюнча жетекчиси Г. Жороева жана кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жетекчиси Б. Молдобаева катышышты. Ачык сабак өз максатына жетип, ийгиликтүү өттү.