1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

219

Лингвистика адистиги боюнча кесипке багыт берүү 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева баштаган кафедранын окутуучулары М.М.Акбуюков, К.И.Осмонова, М.М.Аттокурова   2024-2025-окуу жылына карата мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  кесипке багыт берүү максатында  Базар-Коргон районуна караштуу К.Артыкалиев атындагы №25 орто мектеп, М.Алыкулов атындагы №11 гимназия мектеп, Ө.Атабекова атындагы №30 гимназия мектеп, Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак-гимназия, А.С.Макаренко атындагы №1 гимназия мектеп, Сузак районуна караштуу №90 Манас, №1 Мадумар ата, №2 Дом ата, Ж. Узаков атындагы №69, Ж. Турусбеков атындагы №7, Көк-Жаңгак шаарына караштуу А.С.Макаренко атындагы №2 гимназия, М.В.Фрунзе атындагы №1, Ю.А.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 жалпы орто билим берүүчү мекемелерге  барышып, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, ЖАМУ өлкөбүздөгү  билим берүү тармагында заман талабына ылайык адистерди даярдоочу билим ордосу экендигин белгилешип,  531100 Лингвистика багыты, маданияттар аралык баарлашуунун теориясы жана практикасы (англис тили) профили боюнча маалымат беришти. Жолугушуу учурунда  буклеттерди таркатып,  факультет жана окуу жай жөнүндө толук маалымат https://jagu.edu.kg сайтында жайгашкандыгын айтып, сайт менен тааныштырып,  мектептин бүтурүчүүлөрүнө   маданияттар аралык баарлашуунун теориясы жана практикасы (англис тили) профили боюнча үгүт иштерин жүргүзүштү.