1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

188

1

Студенттерди окуу-котормо практикасына жөнөтүү конференциясы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестриндеги Лак-1-21 тайпасынын студенттерин 18-мартынан 6-апрелге чейинки окуу-котормо практикасына жөнөтүү конференциясы 15-март күнү болуп өттү. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна, кафедра башчысы п.и.к., доцент Ы.К. Жолдошбаева жана кафедранын окутуучулары катышты. Конференциянын жүрүшүндө 3-курстун студенттерин кезектеги окуу-котормо практикасы тууралуу маалымат, кеп-кеңештер берилип жана суроо-жооп, сунуштар, каалоо-тилек менен коштолду.