1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

97

Мамлекеттик Туу күнүнө карата тегерек стол

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында 27.02.2024-ж. №19 Тескемеге ылайык 3-март Туу күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү. Аталган тегерек столго кафедра башчысы п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева, окутуучулар жана 1-4-курстун студенттери катышышты. Тегерек столдун катышуучулары туунун түзүлгөн тарыхы, элементтеринин чечмелениши жана киргизилген жаңы өзгөрүүлөр жөнүндө кызуу талкуу жүргүзүштү. Студенттердин тегерек столго болгон даярдыгы жана активдүүлүгү алардын мекенге болгон сүйүүсүн жана патриоттук сезимдин күчтүүлүгүн айгинелеп турду.