1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

ОшМУда регионалдык илимий-практикалык конференцияда

2025-жылдын 30-сентябрында маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда өткөрүлгөн Эл аралык котормочулар күнүнө арналган «Жасалма интеллекттин жардамы менен котормочулук компетенцияны жогорулатуу» аттуу регионалдык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып келишти. Бул конференция эки университеттин окутуучулардын жана студенттери менен илимий кызматташтыгын чыңдоого жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу котормочулук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталды. Иш-чаранын максаты – окутуучулар жана студенттердин илимий-академиялык байланышын чыңдоо, жасалма интеллект технологияларын колдонуу аркылуу котормочулук кесибин женилдетүүнүн жолдорун изилдөө.                                                                                                                                                               Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы Осмонова К. И., менен Fulbright English Teaching Assistant Milo Powell илимий конференцияда “AI’s use in the English classroom” аталыштагы темада презентация жасашты жана кафедранын окутуучулары Женалиева З. А, “The impact of Artificial Intelligence on the translation industry” аттуу жана Адишбек к Гулжан "Кыргызстан дагы көп тилдүү билим берүүдө жасалма интеллекттин таасири", аттуу илимий баяндамалар жасашты. Бул конференциядагы окулган баяндамалар Ош мамлекеттик университетинин журналында жарык көрөрү маалымдалды.