ЖАМУ Андижандын Экономика жана педагогика университети менен кызматташат

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети эл аралык жана дүйнөлүк окуу жайлар менен кызматташтыгын күчөтүүнү колго алды. ЖАМУнун филология илимдеринин доктору, профессор Миясархан Мирзахидова Өзбек Республикасынын Андижан шаарындагы Экономика жана педагогика университетине барып “Жалпы тил илиминин актуалдуу маселелери” темасында лекция өттү. Лекция учурунда өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, билимге болгон кызыгуу, өз кесибинде мыкты болуу жолдоруна да токтолду.
Андижандын Экономика жана педагогика университетинин мугалимдери студенттер үчүн пайдалуу жолугушуу болгонун айтып, студенттер арасында сынактарды уюштуруу сунушун берди. Бул алар үчүн билимге болгон кызыгууну дагы да артыраары бышык.
Мындай жолугушуу жогорку окуу жайдын мугалимдери жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча тажрыйбасын жогорулатууга, өзгөчө ыкма менен сабак өтүүгө, эки тараптуу билим алууга чоң мүмкүнчүлүк. Мындан ары да эки окуу жай ортосунда мындай кызматташтык жанданаарын мугалимдер кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖАМУга Евразия Тынч океан университеттер альянсынан иштешүү сунушу берилген. Окуу жай аталган альянска кошулса студенттер Австрия университеттеринен билим алып, тажрыйба алмаша алаары айтылган. Бул ЖАМУнун студенттери дүйнөлүк окуу жайлардан тажрыйба чогултууга түзүлгөн шарт.