1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чара

2025-жылдын 30-май күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин жамааты Балдарды коргоо күнүнө карата атайын иш-чарага катышып кайтышты. Иш-чара Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү "Бакыт" борборунда өтүп, ага бир катар мекеменин жетекчилери жана мамлекеттик өкүлдөр келишти.
Майрамдык маанайда санаторийде дарыланып жаткан балдар чакан концерттик программа даярдап, өздөрүнүн чыгармачылыгын тартуулашты. Бул көрүнүшкө биздин жамаат күбө болуп, балдарды колдоп отурушту. Аны менен катар филология факультетинин жамааты тарабынан балдарга материалдык жардам көрсөтүлүп, борбордун директору Н. Эрматовго тапшырылды.
Бул демилге — жаш муунга камкордук көрүү, аларды кубаттап туруу университетибиздин социалдык жоопкерчилигинин бир бөлүгү болуп саналат.
Балдар — биздин келечегибиз. Алардын жаркын келечеги үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылууга тийишпиз!