1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

74

Кесиптик багыт берүү — ийгиликтүү келечекке кадам

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары 2025-жылдын май айында Жалал-Абад шаарындагы орто кесиптик билим берүү мекемелерине — Жалал-Абад колледжи жана Жалал-Абад педагогикалык колледжине кезектеги кесипке багыт берүүиш сапары менен барып келишти. Жолугушуулардын жүрүшүндө кафедранын окутуучулары бүтүрүүчү курс студенттерине жогорку билим алуунун мааниси, тил адистигинин келечеги, кафедрада сунушталган билим берүү программалары жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле, чет тилдерин үйрөнүүнүн артыкчылыктары жана эмгек рыногундагы суроо-талап жөнүндө да айтып өтүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү туура кесип тандап, келечекте өз жолун тапкан адис болууга шыктандыруу болду.