Лак-1-23 тайпасында практика мезгилинде базада өткөрүлүүчү иш-чара өтүлүүдө

Лак-1-23 тайпасынын студенттери баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн окуу практикасын өтөөдө базадагы иш-чаралар өтүлдү. Практикалык базаларда өтүлүүчү иш-чаралардын графиги түзүлүп, бекитилген.24- апрель күнү ЖАМУнун Америка ордосунда "Тилге социалдык тармактардын тийгизген таасири" деген темада, жетекчиси К. И. Осмонова, 25- апрель күнү "Аннур Эдукаре" окуу борборунда "Интернет тармагында маданияттар аралык баарлашуунун заманбап усулдары" жетекчиси М. М. Акбуюков жана "Кызыл-Ай" коомунда "Кызыл-Ай" коомунун тарыхы" жетекчиси Ы. К. Жолдошбаева, жогорудагы аты аталган практика базаларда иш-чара болуп өттү. Жогорудагы иш-чарада тайпа студенттери ар бир тема боюнча презентацияларды даярдашып, суроо-жооп менен коштолуп, аябай кызыктуу өттү.