1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

45

Лингвистика адистигинин иш берүүчүлөр менен жолугушуу конференциясы 

2025- жылдын 10- апрель күнү филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын практика жетекчиси К. И. Осмонова "Лингвистика" адистигинин иш берүүчүлөру менен жолугушуу конференциясын уюштурду. Конференцияга факультеттин деканы ф.и.к., доцент Ч. А. Асылбекова, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С. Калыбекова, кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты. Жолугушууга "Лингвистика" адистигинин иш берүүчүлөру Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматынын директору Жойболотов Сыргабек, ЖАМУнун Америка ордосунун координатору Мурзалиев Манас, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл-Ай коомунун Жалал-Абад облустук филиалынын координатору Чопоев Мирлан келишти. Иш берүүчүлөр студенттерге өздөрүнүн мекеме, ишканалары тууралуу маалымат берип, суроо-жооп менен коштолду. Жолугушуунун жүрүшүндө кафедра башчысынын милдетин аткаруучу М.М. Акбуюков "Жалпы билим берүү программасын" жана окуу планындагы "Тандоо курстары" менен иш берүүчүлөрдү тааныштырып, талкууланды.