Лингвистика адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу конференциясы

2025- жылдын 3-апрель күнү филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын практика жетекчиси К. И. Осмонова лингвистика адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу конференциясын уюштурду. Конференцияга факультеттин деканы ф.и.к., доцент Ч. А. Асылбекова, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С. Калыбекова, кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты. Жолугушууну кафедра башчысынын м.а. М.М. Акбуюков ачып, бүтүрүүчүлөргө сөз берилди. Конференцияга төмөнкү бүтүрүүчүлөр келди: Лк-1-11 тайпасынын бүтүрүүчүсү Рустамов Нурсултан Мансурбекович - Жалал-Абад облустук Дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы, Лк-1-12 тайпасынын бүтүрүүчүсү Фоизова Рошана - ЖАМУ, Эл аралык байланыштар бөлүмү, жетектөөчү адиси, Лк-1-13 тайпасынын бүтүрүүчүсү Алимбек кызы Жийдегүл - "Good night" мейманканасынын негиздөөчүсү, Лк-1-13 тайпасынын бүтүрүүчүсү Медетбек кызы Айканыш - "Smart" окуу борборунун негиздөөчүсу. Конференцияга келген бүтүрүүчүлөр Лингвистика адистигин эмне үчүн тандап алганын, азыркы кызмат орду боюнча студенттерге айтып беришти. Конференциянын аягында Лк-1-11 тайпасынын бүтүрүүчүсү Рустамов Нурсултан бул адистиктин жакшы окуган студенттерине китеп белек кылды.