«Котормочулук кесип жана анын жоопкерчилигин үйрөнүү» боюнча профилдик практика семинар
14-ноябрь ЛАк-1-21 тайпасынын студенттери практика жетекчиси менен биргеликте «Котормочулук кесип жана анын жоопкерчилигин үйрөнүү» деген темада семинар өткөрүштү. Семинарга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к. З.С.Калыбекова да катышты. Студенттер котормочулук кесип жөнүндө кеңири маалымат берип, котормочулук кесип – бул билимди, жоопкерчиликти жана терең түшүнүктүү талап кылган ардактуу кесиптердин бири. Котормочунун так жана чынчыл эмгеги гана тилдерди жана маданияттарды байланыштырып, элдер арасында түшүнүү жана кызматташтык түзүүгө салым кошо алышын жана котормочулук ишинин мааниси жана кыйынчылыктары тууралуу маалыматтарды билишти. Калыбекова Зияда эжеке да сөз сүйлөп, азыркы учурда котормочу кесиби керектүү кесиптерди бири экенин белгилеп, студенттерди да окууну жакшы окуп, өз кесибиңер менен жакшы компанияларга иштешиле деп өз кеңешин берди.