1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Тест борбору
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Тесттик тапшырмаларды кабыл алуу жыйынтыкталды

2025–2026-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгына карата кафедра/ПЦКларда бекитилген дисциплиналар боюнча тесттик тапшырмаларды кабыл алуу иши 19-январдан 23-февралга чейин жүргүзүлдү.

Тестирлөө борбору тарабынан ар бир дисциплина боюнча даярдалган тесттик тапшырмалар мазмундук сапаты, түзүлүү деңгээли, методикалык талаптарга шайкештиги жана атайын критерийлерине жооп берүүсү кылдат каралды.

Мындан тышкары, тесттик материалдардын түзүмүндө ар түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында №47 тескеменин негизинде ар бир бөлүм боюнча (жеңил, орто, татаал деңгээлдеги жана СӨАИ үчүн) төмөнкүдөй формадагы тапшырмалар камтылды:

·         жабык түрдөгү тесттер;

·         ачык суроолор;

·         дал келүүчүлүктү аныктоочу тапшырмалар;

·         ырааттуулукту аныктоочу тапшырмалар;

·         сүрөттөрдү жана графикалык уюштурууларды камтыган тесттик тапшырмалар.

Бул талаптар тесттик тапшырмалардын сапатын жогорулатууга, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана билимди баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылууга багытталды.