- Академиялык саясат департаменти
- Тест борбору
Тест борбору
Тестирлөө борборунун директору
Email:
testborboru_2022@mail.ruТуулган күн:
November 24, 1986
Каттоодон өтүү:
24.10.2025
Акыркы кириш:
1 месяц назад
Резюме:
Жүктөп алуу Резюме“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин тестирлөө борбору - бул университеттин структуралык бөлүмү. Анын милдети – окуу дисциплиналары боюнча студенттердин билимдерин компьютердик технологияларды колдонуу менен объективдүү баалоону камсыздоо. Борбор 2022-жылы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен электрондук тестирлөө форматында көзөмөлдөө жана учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү, студенттердин билим деңгээлине көз карандысыз баа берүүнү ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн.
ЖАМУнун тестирлөө борборунун негизги максаты – заманбап технологияларды колдонуу менен студенттердин билимин баалоонун объективдүү, ачык-айкын жана натыйжалуу системасын камсыздоо, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин окуу жетишкендиктерин текшерүүнү өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Борбордун негизги милдеттери:
- Окутуунун бардык этаптарында студенттердин билимин объективдүү баалоону камсыздоо үчүн электрондук тестирлөө системасын киргизүү жана өнүктүрүү.
- Учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу текшерүү формаларын электрондук форматта өткөрүү үчүн шарттарды түзүү.
- Мамлекеттик экзамендерди жана жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүүдө студенттердин билим сапатын текшерүүнү камсыздоо.
- Тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу, баалоо каражаттарынын банкын түзүү жана жаңыртуу маселелери боюнча университеттин окутуучуларына жана кызматкерлерине методикалык жардам көрсөтүү.
- Текшерүүнүн инновациялык формаларын киргизүү жана студенттердин окуу жетишкендиктерин талдоо аркылуу билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
Тестирлөө борборунун негизги функциялары:
- Компьютердик тестирлөө Билим берүү программаларынын бардык циклдеринин дисциплиналары боюнча студенттердин компьютердик тестирлөөсүн уюштуруу жана өткөрүү. Компьютердик тестирлөөлгө модулдук, жыйынтыктоочу, өтүм текшерүүлөрү жана мамлекеттик аттестациялар кирет (ЖОЖдун ички жобосунун алкагында).
- Сапатты текшерүү Студенттердин даярдыгынын мазмуну жана сапаты белгиленген стандарттарга дал келишин камсыздоо.
- Тесттик тапшырмалардын базасы: Бардык окуу дисциплиналары боюнча тесттик тапшырмалардын маалымат базасын түзүүгө, толуктоого жана актуалдаштырууга катышуу.
- Регламент жана график: Окуу графигине ылайык, окуу бөлүмү менен макулдашуу боюнча тест тапшыруу графигин түзүү. Ички эксперттик комиссиянын кароосунан кийин, AVN 37 программасы боюнча электрондук формада тесттик тапшырмаларды кабыл алуу. Тестирлөө башталганга чейин тестти AVN папкасына өз убагында каттоо.
- Өткөрүү орду: Тестирлөө атайын жабдылган тестирлөө борборлорунда жана ЖАМУнун институттары менен колледждердин компьютердик кабинеттеринде өткөрүлөт.
Тестирлөө борбору ЖАМУда билимди текшерүүнүн жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун ички системасынын негизги элементи болуп саналат.