1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Тест борбору
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

109

Тесттик тапшырмалардын валиддүүлүгүн камсыздоо жана сапаттуу тест түзүүнүн жолдору

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин тестирлөө борбору тарабынан 2025-жылдын 6-декабрында институттардын жана колледждердин 2025-2026-окуу жылында жаңы кабыл алынган окутуучулары үчүн атайын семинар уюштурулду. Семинар "Тесттик тапшырмалардын валиддүүлүгүн камсыздоо жана сапаттуу тест түзүүнүн жолдору" деген аталышта өтүп, ал АВН 37 автоматташтырылган маалыматтык системасында тесттик тапшырмаларды түзүүгө багытталды.

Семинардын негизги максаты – окутуучулардын тест түзүү компетенттүүлүгүн жогорулатуу, аларды модулдук сынактар үчүн тесттик тапшырмаларды даярдоонун жобосу, ошондой эле тесттик материалдардын валиддүүлүгүн камсыздоонун негизги принциптери жана талаптары менен тааныштыруу болду. Мындан тышкары, окутуучуларга практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу аркылуу сапаттуу тесттик тапшырмалардын тактыгын, түшүнүктүүлүгүн жана татаалдык деңгээлин туура аныктоону үйрөтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө, катышуучулар топторго бөлүнүшүп, алынган теориялык билимдерди дароо практикада колдонуу максатында, өзүлөрү берген дисциплиналар боюнча  жабык, ачык, дал келүүчүлүктү аныктаган, ыраатуулукту аныктоочу, сүрөттөрдү, графикалык уюштурууларды камтыган тесттик тапшырмаларды түзүштү. Топтор тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмалар семинарда талданып, конструктивдүү кайтарым байланыш берилди. Натыйжада, жаңы кабыл алынган окутуучулар модулдарды, сынактарды алуу үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча жобосуна жана AVN 37 системасынын талаптарына ылайык, жогорку сапаттагы жана валиддүүлүгү жогору болгон тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча ишенимдүү көндүмдөргө ээ болушту. Тестирлөө борбору окутуучулардын компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган семинарларды иш планга ылайык уюштура бермекчи.