1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

217

 Практика алдындагы конференция

Филология факультетинде 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча кыргыз тили жана адабиятынын адистигинин КТ-1-22 тайпасы 1-апрелден 13-апрелге чейин адаптациялык-педагогикалык, КТ-1-21 тайпасы 1-апрелден 4-майга чейин кесиптик-базалык, КТс-1-20 тайпасы 1-апрелден 4-майга чейин кесиптик-базалык, ФББ (КТ) маг-1-23 тайпасы 1-апрелден 13-апрелге чейин башкаруучулук практикаларына жиберүү алдындагы конференциясы болуп өттү.

Аталган конференцияга кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчилери жана студент, магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчилери практиканын максат, милдеттери жөнүндө маалымат беришип, практиканттардын  отчет жазууда жол картаны кантип пайданаларын баса белгилеп өтүштү. Мындан сырткары практикант, магистранттар түшүнбөгөн суроолорун беришип, жетекчилери тарабынан жоопторду алышты. Жыйынтыгында конференция ийгиликтүү аяктап өз максатына жетти.