Ийгиликке карай ташталган кадамдар
2024-жылдын 15-март күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында кыргыз тили жана адабияты (кесиптик, кесиптик эмес) жана манас таануу (адистик, адистик эмес) предметтери боюнча факультеттик деңгээлде олимпиаданын биринчи туру болуп өттү. Бул өткөрүлгөн олимпиаданын шартына ылайык тесттик тапшырмалардын жана жазуу жумуштарынын жыйынтыгынын негизинде бир топ студенттер алдыга оозуп чыгып, жеңүүчү деп табылып, университеттик деңгээлдеги олимпиадага катышууга жолдомо алышты.
Жакшылык болсо билип ал, жаш куракта билим ал дегендей студенттерге алдыда болуучу турларга ийгилик каалап, жалаң гана изденүүнүн жолунда болгула демекчибиз!