1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

105

Эне тилим – сыймыгым

Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-1-20 тайпасына “Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө” карата  “Эне тилим – сыймыгым” деген темада куратордук саат өтүлдү. Анда тайпадагы студенттер тапшырма боюнча түрдүү мамлекеттердин тилдери тууралуу маалыматтарды чогултуп, кайсыл жылы мамлекеттик тил катары кабыл алынгандыгы кайсы тилдер тобуна кирет, мына ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтарды таап, жазып келип, түшүндүрүп айтып беришти. Түрдүү тилдерде саламдашууларды айтып, маанисин кыргызча түшүндүп беришти. Куратордук сааттын максаты:  Бардык мамлекетти мамлекет кылып турган бул – тил. Ар бир элдин тили өзү үчүн ыйык, маанилүү, кадыр барктуу жана бай болушу үчүн колдоого алынышы керектигин түшүнө билүү болуп саналат.