КТ-1-23 тайпасынын студенттери жумуш ордунда окутуу учурунда

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттин м.а,. филол.и.к. Г.О.Кочорова Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде КТ-1-23 тайпасынын студенттери менен жумуш ордунда окутуу боюнча кыргыз тилин окутуунун усулу дисциплинасынан “Кызматчы сөз түркүмдөрүн окутуу” - деген темада практикалык (2 саат) сабак өттү. Сабакта заманбап техналогияларды, окутуунун инновациялык усулдарын жана ыкмаларын пайдаланды. Сабакка мектеп администрациясынан окуу жана тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, кыргыз тили жана адабияты мугалими Б.Осмонова, кыргыз тили жана адабияты мугалими Рысбаева Нургул Маматовна эжекелер катышышты. Сабакты жогорку денгээлде өткөндүгүн мектеп администрациясы жана катышуучулар белгилеп, ыраазычылык билдиришти.