Илимий-педагогикалык парактикага жөнөтүү боюнча конференция

2025-жылдын 26-сентябрь күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университет” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун (КТ)маг-1-24 тайпасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасына жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү.
Конференцияга кафедрадан бекитилген илимий жетекчилери, жана магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө практика жетекчилерине сөз берилди. Практика учурунда магистранттар, илимий жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп, жол картасы менен мектептерде практикасын өтөп, бирден макалаларды жазып, жаңы маалымат топтоп келүү жөнүндө тапшырма берилди. Конференция ийгиликтүү аяктап, магистранттар илимий жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.