1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

36

1

“Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында республикалык сынактын сыйлоо аземи

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Каленбекова Гүлбарчын Тайырбековна 2025-жылдын май айында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте «Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы  жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары арасындагы республикалык сынакка катышкан эле. 22-сентябрь күнү КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте университеттин 80 жылдыгынын алкагында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн утурлай республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн аныкташып, сыйлоо аземин өткөрүштү.

Жыйынтыгында Каленбекова Гүлбарчын Тайырбековна жогорку окуу жайлар арасындагы мамлекеттик тилди чет тили катары окутуу багытындагы байгелүү 2-орунду ээлеп, грамота менен сыйланды. Ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алкышы, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринен ыраазычылык катына ээ болду.

Аталган сынак жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаңы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында уюштурулуп, республика боюнча ЖОЖдордон 27 окутуучу  жана колледждердин 17 окутуучулары катышкан.

Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.