Кыргыз тили – биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата өзгөчө мааниге ээ иш-чара жана тематикалык көргөзмө өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты кыргыз тилинин мамлекеттик макамын бекемдөө, тилдин коомдогу ордун терең түшүндүрүү жана жаш муундардын улуттук аң-сезимин ойготуу болду.
Мамлекеттик тил – бул ар бир улуттун жүзү, тарыхы жана руханий мурасы. 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө күн болуп эсептелет. 1989-жылдын дал ушул күнү кыргыз тилине “мамлекеттик тил” макамы ыйгарылган. Бул күндүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, кыргыз тили жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чара түрдүү багыттарды камтып өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору А.Т. Маматумаров, филология институтунун директору Ч.А. Асылбекова, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Г.К. Бакировалар тарабынан Мамлекеттик тил күнү менен байланышкан куттуктоо сөздөр айтылып, кыргыз тилинин коомдогу орду, тарыхый мааниси жана келечек муундар үчүн маанилүүлүгү тууралуу жүрөктөн чыккан ойлор менен бөлүшүштү. Андан соң катышуучулар кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармаларынан көркөм окууларды тартуулап, улуттук сөз өнөрүнүн тереңдигин жана табигый обонун чагылдырган чыгармалар аркылуу көрүүчүлөрдү рухий дүйнөгө жетелешти. Музыкалык жана поэзиялык номерлер аркылуу көркөм өнөрдүн ар түрдүү багыттары көрсөтүлүп, иш-чарага өзгөчө улуттук өң-келбет тартуулады. Иш-чаранын негизинде уюштурулган тематикалык сүрөт, китеп жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү аркылуу кыргыз тилине байланышкан руханий жана материалдык маданияттын байлыгы дагы бир ирет ачык чагылдырылды. Бул көргөзмө тилдин байлыгы менен гана эмес, аны алып жүргөн элдин маданияты, тарыхы жана нарк-насили менен да таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
Жыйынтыгында, уюштурулган иш-чара жана көргөзмө мамлекеттик тилдин коомдогу ордун дагы бир жолу бекемдеди. Мындай иш аракеттер ар бир жарандын улуттук иденттүүлүгүн чыңдоого өбөлгө түзөт. Тил – бул эсте калчу сөз эмес, турмуштук аракет, жоопкерчилик жана сүйүү менен жашоодо сакталып кала турган мурас.